Бишкектин Баетов көчөсүндөгү үйдө 29-октябрдагы өрттөн эки кишинин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, өрт тамеки чегүүдө коопсуздук эрежелерди сактабагандыктан келип чыккан.
Батирдеги мебел, турмуш-тиричилик техникалары күйүп кеткен. Иске ууланып каза тапкан эки адамдын сөөгү милицияга өткөрүлүп берилди.
Кыргызстанда 28-29-октябрь - дем алыш күндөрү он тогуз өрт катталды.