Кыргызстанда бүгүн мусулмандар Курман айтты белгилешет. Курман айтка байланыштуу айт намазына даярдыктар таңкы саат 6.00дө башталат. Муфтияттан билдиришкендей, саат 7:00гө чейин имамдардын баяндары угулат.
Андан кийин Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси, муфтий Максатбек Токтомушев жана бийлик өкүлдөрү куттуктоо сөздөрүн айтышат.
Айт намазы 7:30да окулат. Өлкөдө Курман айт майрамы дем алыш деп жарыяланган. Курман айт – мусулман коомчулугунун негизги майрамы болуп саналат. Аны белгилөө күнү айдын чыгышына карап аныкталат. Бул күнү ислам динин туткандар курмандык чалышат. Кыргызстанда калктын 80 пайыздан көбүн мусулмандар түзөт.
31-августта белгиленген Эгемендик майрамы жана Курман айт, 1-сентябрь - Билим күнүнө байланыштуу Бишкекте милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөдө. Борбор калаада бул күндөрү 2200 милиция кызматкери коомдук тартипке көз салып жатканын шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. (NT)