Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:41

Бекназаров: “Мегакомдун” 51% Penwell компаниясына таандык


“Мегаком” уюлдук байланыш компаниясынын акцияларынын 51% орусиялык Penwell ишканасына таандык. Мындай пикирин бүгүн Бишкекте маалымат жыйында сүйлөп жатып коомдук ишмер, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттө күч структураларын башкарып турган Азимбек Бекназаров билдирди.

- “Мегакомдун” 51% Penwell компаниясына таандык. Салянова аны мамлекетке алам деп мыйзамсыз иш кылган. Эми азыр Penwell эл аралык сотто утат. 200 млн доллар 7 жылда албай калган кирешеси үчүн доо коюп жатат. Елисеев да эл аралык сотко берет жана толугу менен утууга шансы бар. Анткени Салянованын сунушу менен “Мегакомдун” 100% анын менчиги деп, андан кийин гана конфискация кылынган. Жети жылдан бери “Мегакомдун” 51% дивидендин ким алып жүрөт?

Penwell 2010-жылдагы окуялардан кийин улутташтырылган “Мегакомдун” инвестору жана кредитору болгон.

Бекназаров ал козгогон кылмыш ишти сотко жеткирген жок деп мурдагы Башкы прокурор Аида Салянованы буга чейин да айыптаган.

Салянова Бекназаровдун айткандары жалган экенин айтып, эгер ошол иш боюнча сот чечими чыкса “Мегакомдун” 51% мамлекетке эмес, Penwell компаниясына өтүп кетмек деп билдирген. (UEz)

XS
SM
MD
LG