Кыргызстанда 16-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолордо кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30;
Суусамырда түнкүсүн 0…5, күндүз 20…25;
Таласта түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;
Баткенде түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25;
Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13 градуска чейин жогорулайт.
Бишкекте 16-августта күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге жетет. Абанын табы түнкүсүн 14…16, күндүз 26…28 градуска чейин көтөрүлөт.