Бишкекте милиция кызматкерлери жана журналист кыз жабыркады деген окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин “бейбаштык” беренесинин негизинде кылмыш иш козголуп, тергөө башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Адыл Оморов билдирди. Анын айтымында, алты жаран милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды:
- Жаш балдар тынчтыкты бузуп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Милиция барганда аларга жана журналистке да кол көтөрүшкөн, колундагы камерасын чапканга аракет кылышкан.
Radar.kg интернет-басылмасынын башкы редактору Карачач Шакирова ур-токмокко кабылып, ооруканага түшкөнүн, патрулдук милициянын рейдин чагылдырып иштеп жатканда транссексуалдардан жабыркаганын “Азаттыкка” айтып берген.
Шакированын айтымында, окуя өткөн түнү Бишкектеги батирлердин биринде болгон, ал өзү баш мээси чайкалып, көк ала болуп 4-ооруканага түштү. (RK)