Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:17

Тилектештик платформасы Пономарев боюнча кыргыз бийлигине кайрылды


"Мемориал" укук коргоо уюмунун Борбор Азия боюнча программасынын жетекчиси Виталий Пономарев.
"Мемориал" укук коргоо уюмунун Борбор Азия боюнча программасынын жетекчиси Виталий Пономарев.

18 мамлекеттин 37 укук коргоо уюму мүчө Жарандык тилектештик платформасы кыргыз бийлигин Виталий Пономаревду өлкөгө киргизүүгө жана укук коргоочулардын өз ишмердигин эркин жүргүзүүгө тоскоолдук кылбоого чакырды.

Уюм Кыргызстанда укук коргоочунун өлкөгө киришине тыюу салууну жарандык коом жана журналисттерге басым катары атаган.

"Биз кыргыз өкмөтүн Борбор Азиядагы демократия өлкөсү деп саналган Кыргызстандын беделине шек келтирип жаткан чечимдерден баш тартууга чакырабыз", - деп айтылат платформанын 12-июлда өз сайтына жарыялаган билдирүүсүндө.

"Мемориал" укук коргоо уюмунун Борбор Азия боюнча программасынын жетекчиси, Орусиянын жараны Виталий Пономаревду 9-июлда Казакстандан Кыргызстанга өтүп жатканда кыргызстандык чек арачылар киргизбей коюшкан.

Пономаревду Кыргызстанга киргизбөө боюнча тапшырма атайын кызматтан келип түшкөнүн Мамлекеттик чек ара кызматтын башкармалыгы "Азаттыкка" маалымдаган.

Виталий Пономаревго Кыргызстанга кирүүгө мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлиги учурунда да тыюу салынган эле. Ал 2009-жылы бир жолу “Манас” аэропортунан, экинчи жолу Кайыңдыдагы темир жол бажы бекетинен артка кайтарылган. 2010-жылдан кийин бул чектөө күчүн жоготкон.

XS
SM
MD
LG