Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:36

Чек ара кызматы: Пономарев боюнча тиешелүү органдардан тапшырма келген


Виталий Пономарев
Виталий Пономарев

Орусиялык укук коргоочу Виталий Пономаревду Кыргызстанга киргизбөө боюнча тапшырма атайын кызматтардан келип түшкөн. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын Өткөрмө пункттар башкармалыгынын башчысы Мирланбек Сарлыкбек уулу “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Пономарев УКМК, ИИМ сыяктуу тиешелүү органдардын көрсөтмөсүнүн негизинде чек арадан өткөрүлгөн эмес. Атайын кызмат болсо маалымат берүүдөн карманууда.

Орусиялык укук коргоочу Виталий Пономарев 9-июлда кыргыз чек арачылары эч себепсиз өлкөгө киргизбей койгонун билдирген. Ал 29-июнда Бишкекке эч тоскоолдуксуз кирип, эл аралык конференцияга катышкан. Укук коргоочу учурда “Ак жол” өткөрмө бекетинде. Пономарев Бишкекке келип, укук коргоочу кесиптештери менен жолугуп, андан ары Москвага учмак.

Виталий Пономарев "Мемориал" укук коргоо уюмунун Борбор Азия программаларынын жетекчиси катары белгилүү. (UEz)

XS
SM
MD
LG