Сенаттын чалгын комитети президент Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флиннди Орусияга байланышкан ишти иликтөөгө керек болгон документтерди көрсөтүү зарылчылыгын айтып, көрсөтмө берүүгө үндөөгө аракеттенет. Чалгын комитетинин жетекчисинин орун басары, сенатор-демократ Марк Уорнер тергөө тобу Флиннге басым кылуунун чараларын ачыктабасын билдирди.
The Washington Post гезити эгер экс-кеңешчи көрсөтмө берүүдөн баш тартса, ага байланыштуу соттук териштирүү баштоо үчүн бүт Сенаттын добушу керек болорун жазды.
Флинн Америкадагы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишүүсүнө байланыштуу иш боюнча көрсөтмө бербей турганын жарыялаган. Ал АКШ Баш мыйзамындагы беренеге таянып, өзүнө каршы көрсөтмө берүүдөн баш тарткан.
Мурдараак америкалык маалымат каражаттарында Трамп ФБРдин башчысы Жеймс Комиден Флинндин "Орусия багытындагы" ишин иликтебөөсүн өтүнгөнү тууралуу маалыматтар жарык көргөн.