Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

Бүгүн Жеңишке 72 жыл толду


Ала-Тоо аянтындагы Жеңиш парадындагы ардагерлер. 2015-жыл, Май
Ала-Тоо аянтындагы Жеңиш парадындагы ардагерлер. 2015-жыл, Май

Майрамга карата Бишкектин Түштүк дарбазасынан "Өлбөс полк" жүрүшү башталып, Жеңиш аянтына чейин уланат. Аянтта Ата мекендик согуштун катышуучуларын эскерген митинг-реквием өтөт. Иш-чараны шаар мэриясы Башкы штаб менен бирге уюштурууда. "Өлбөс полк" жүрүшүнө Бишкектин тургундары согуш катышуучулары жана кайтпай калган аскерлердин сүрөттөрүн көтөрүп чыгышат. Ушундай эле иш-чаралар, майрамдык параддар бардык аймактарда өткөрүлмөкчү.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 647 согуштун, жети миң чамалуу ооруктун ардагери бар.

Улуу Ата Мекендик согушка жалпысынан 365 миң кыргызстандык катышып, алардын 114 миңден ашыгы кайтпай калган.

Экинчи Дүйнөлүк согушта (1939-1945) 50 миллиондон ашык адам каза тапкан. Анын 27 миллиону мурдагы СССРдин жарандары болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG