Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:36

Чоң-Алайда эки адам ооруканага жаткырылды


Жер титирөөдөн кийин жарактан чыккан үй. 3-май, Чоң-Алай
Жер титирөөдөн кийин жарактан чыккан үй. 3-май, Чоң-Алай

5-майдан бери Чоң-Алай районунун Карамык, Жекенди, Алга, Кара-Тейит айылдарында 800 адамдын саламаттыгын дарыгерлер текшерди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Алардын ичинен 236сы 14 жашка толо элек балдар. 1949-жылы төрөлгөн бир тургун үчүнчү даражадагы кан басым оорусу менен, 2004-жылкы бир кыз курч стресс диагнозу менен Дароот-Коргон айылдык ооруканасына жаткырылды. Аталган райондо 18 дарыгер, 36 медайым элдин ден соолугун текшерүүдө. Алты тез жардам машинеси иштеп, догдурлар 24 саат нөөмөттө турушат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Жекенди айыл аймагындагы бир нече айылдагы 717 адам убактылуу тигилген чатырларда жашап жатышат. 3-май жана 5-майда болгон жер титирөөдө Баткен облусунун Кадамжай районунда ондогон турак жайларга жарака кетип, бир катар үйлөр авариялык абалга келген. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында очогунда 7 баллга жеткен силкинүү болгон. (BCh/KE)

XS
SM
MD
LG