Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:37

Саламаттыкты сактоо министрлиги: Бейтаптар укугун коргогонду үйрөндү


Кыргызстанда бейтаптар өз укугун жакшы биле баштады. Бул тууралуу бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Мекеменин коомдук кабылдамасынын жетекчиси Фатима Турусбекованын белгилешинче, кайсы кызмат үчүн акы төлөө керек, кайсынысы бекер экенин жарандар өзүлөрү көзөмөлдөп, маалыматы көп боло баштаганы байкалат.

Быйылкы жылдын биринчи кварталында коомдук кабылдамага жалпысынан 467 адам кайрылган, көбү Бишкектен жана Чүйдөн. Алар жеңилдетилген шартта же бекер дарылануу, ооруканага жаткыруу, соттук-медициналык экспертизаны тездетүү, дарыгерлердин орой мамилеси, эмгек мыйзамдарынын бузулушу сыяктуу айрым маселелерди көтөрүп, ошону менен катар жакшы каалоо-тилектерин да билдирген.

Кыргызстанда мамлекеттик медициналык тейлөө дээрлик бекер, бирок кезекке тургандар көп. Ошону менен катар түрдүү багыттагы жеке клиникалар, медициналык борборлор иштейт, алардын баасы кымбат.

2012-жылы өлкөдө 2016-жылга чейин эсептелген саламаттыкты сактоону реформалоо боюнча "Ден соолук" программасы ишке кирген. (RK)

XS
SM
MD
LG