Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:07

Депутат Рыспаев журналисттердин жоопкерчилик маселесин көтөрдү


Кожобек Рыспаев.
Кожобек Рыспаев.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев журналисттердин жоопкерчилиги боюнча кайрадан маселе көтөрдү. Ал бул тууралуу 6-апрелде баш прокурор өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы боюнча парламентте баяндама берип жатканда айтты:

- Каерде биз сөз эркиндигин кыстык? Бирөөңөр буйрутма берсеңер каалагандай жазат журналисттер. Каалагандай каралайт. Эмне үчүн жоопкерчилик тартышпайт. Тастыктап жазсын. Кемчиликти жазышсын. "Жок, биз аларды сөз эркиндигин ажыратып жатабыз" деп кыйкырык-өкүрүк менен эле бүтүп жатабыз.

Ошондой эле Кожобек Рыспаев оппозиция өкүлдөрүнө эл ишенбестигин, алар таза эместигин белгиледи. Бийликке каршы чыгып жаткандар кызматка илинбей, шайлоодон өтпөй калгандар экенин кошумчалады.

Кожобек Рыспаев "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп чыккан депутаттардын бири. Буга чейин журналисттердин жоопкерчилиги тууралуу бир канча жолу маселе көтөргөн. (SE)

XS
SM
MD
LG