Бишкектин "Дордой" футболдук клубу Оштун "Алай" футболдук клубун Азиянын футбол конфедерациясынын кубогунун алкагындагы беттеште 1:0 эсебинде утуп алды. Тайпалык тандоо этабынын экинчи турдагы оюну бүгүн, 4-апрелде Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.
Кыргызстандын "Алай" жана "Дордой" футболдук клубдары Түркмөнстандын "Алтын-Асыр", Тажикстандын "Истиклол" клубдары менен бирге АФК-2017 кубогунун тайпалык этабынын оюндарында D тобуна бөлүнүшкөн.
Буга чейин 14-мартта болгон биринчи турдагы оюндарда "Истиклол" өз талаасында "Дордой" клубун 2:0 эсебинде уткан. Ош шаарында болгон беттеште "Алай" "Алтын-Асырга" 1:2 эсебинде жеңилди.
АФК-2017 кубогунун тайпалык этабынын оюндары 31-майга чейин уланат.
18-апрелде "Дордой" Бишкек шаарында "Алтын-Асыр" оюнчулары менен беттешет. Ушул эле күнү Дүйшөмбү шаарында "Истиклол" менен "Алай" оюнчулары таймашат. (ECh).