Европа биримдигинин билдирүүсүнө караганда, АКШ менен чөлкөм ортосундагы айрым өлкөлөргө виза режимин алып салуу боюнча макулдашуу болгонуна карабай, бул жааттагы сүйлөшүүлөр азырынча натыйжасыз.
Маалыматка караганда, Кипр, Болгария, Польша жана Румыния өлкөлөрүнө визасыз режим киргизүү жаңы президент Дональд Трамп келгенде каралышы ыктымал.
Европа биримдигиндеги айрым мамлекеттердин жарандары Кошмо Штаттарга визасыз барууга мүмкүнчүлүгү жок болгондугуна байланыштуу быйыл Еврокомиссия америкалыктарга да виза режимин кайра киргизүү демилгесин көтөргөн.