Сирияда Түркия колдогон козголоңчулар Дабик шаарын өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топтон бошотту.
Сириядагы адам укуктарына Британиядан мониторинг жүргүзгөн уюмдун кабарлашынча, операция түрк аскерий учактары жана артиллериясынын жардамы менен жүргүзүлүп, согушкерлер айыгышкан салгылашуудан кийин бул аймактан чыгып кетти.
Дабик шаары Сириянын Түркия менен чектеш аймагынан 10 чакырым аралыкта жайгашкан. Аны террорчулар 2014-жылдын август айында ээлеп алган болчу.
Дабик шаарына чабуул Сириянын түндүгүндө түрк аскерий күчтөрү колдогон козголоңчулардын кеңири операциясынын бир бөлүгү. (RK)