Билим берүү жана илим министрлиги “Азаттык+” телеберүүсү алып чыккан “Акчага байланган мектеп” көрсөтүүсүнүн негизинде Бишкектеги бир канча мектептердеги абалды иликтейт. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.
Көрсөтүүдө билим берүү уяларындагы паракорлук, каттоосу жок үй-бүлөлөр баласын кантип окутуп жатканы, билимден четте калган окуучулар жана жаңы конуштардагы мектеп көйгөйлөрү көтөрүлгөн.(SE)
"Акчага байланган мектеп" берүүсүнүн толук версиясы: