Түркия коргоо министрлиги өлкөнүн кургактагы жана деңиз аскер күчтөрүнөн дагы 820 кишини кызматтан четтеткенин кабарлады. Бул июлдагы төңкөрүш аракетинен кийинки аскердик тазалоолордун алкагындагы иш экени айтылат.
Ошол эле учурда Түркия кутумчулар менен байланышта болгон деген шек менен 80 миңдей жаранын аскердик милдет өтөөдөн бошоткон.
Евробиримдик жана АКШ Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган төңкөрүш аракетине шектеп саясий каршылаштарын репрессиялап жатканына тынчсыздануусун билдирип келишет.
15-июлдагы ишке ашпай калган төңкөрүштөн кийин Түркияда миңдеген адамдар камакка алынып, он миңдегени жумуштарынан бошотулган. Түрк бийлиги төңкөрүштү уюштурууга АКШда жашаган динаятчы Фетхуллах Гүленди айыпташкан. Гүлен аны четке кагып келет.