Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Билим берүү жана илим министри Элвира Сариеваны кабыл алган учурда билдирди. Анда министр өлкө башчысынын жогорку окуу жайларга кабыл алуу өнөктүгүнүн жыйынтыгы жана жаңы окуу жылына даярдыктар тууралуу маалымат берди. Президент Атамбаев билим берүү жаатында коррупцияны жоюу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн тыкыр ойлонулган реформа жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.(BkA)