Токтогул райондук акимчилигинин алдында Кенжебек Жумабаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү талабы менен митинг өтүп жатат. Акцияга чогулган отузга чукул адам жакындары ага коюлган айыптоолорду негизсиз деп, бошотулуусун талап кылышууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” митингге чыккандардын бири Эрмек Бактияр уулу билдирди. Азырынча алар менен бийлик өкүлдөрүнөн эч ким жолуга элек.
Kyrgyztimes сайтынын кабарчысы Кенжебек Жумабаевди 30-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы камакка алган. Ал 2013-жылы Саруу окуясында ошол кездеги өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга катышкан деп шектелүүдө.
Аны бошотууну сурангандар буга чейин Бишкекте да митинг кылышкан. (BCh)