Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-июнда өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды.
Министр соңку иш-чаралардын, анын ичинде Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жана Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын Бишкекте өткөн саммитинде кабыл алынган келишим, макулдашууларды жүзөгө ашыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле Эрлан Абдылдаев жакынкы мезгилге пландалган тышкы саясий иш-чараларга даярдык жөнүндө да айтып берди.
Президент Алмазбек Атамбаев жетишилген келишимдерди өз маалында, өлкөнүн улуттук жана экономикалык кызыкчылыктарын эске алуу менен аткарууну тапшырды.
Мамлекет башчы ошондой эле алдыдагы ири иш-чараларга жакшылап даярдануу, өлкөнүн тышкы саясий ишмердүүлүгүндөгү негизги багыттар боюнча ишти активдештирүүнү буйруду.
Өткөн аптада Бишкекте КМШ премьер-министрлеринин саммити өттү. Жакында Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин саммити болот. Жазында кыргыз-өзбек чек арасында абал курчуп турганда Атамбаев ШКУ жыйынына катышпай турганын айткан. (RK)