Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:27

Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз курал сактагандар кармалды


Ысык-Көл облусунда үйүндө мыйзамсыз курал сактаган 3 жаран аныкталганын облустук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Облус аймагында «Ууру» жана «Укук тартиби» аталышындагы операциялардын жүрүшүндө Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылынын 52 жаштагы тургуну А.М. үйүнөн, жаздыктын астынан 45 даана ок жана сайсыз мылтык табылган.

Мындан тышкары Ысык-Көл районунун Кичи-Өрүктү айылынын 31 жаштагы тургуну У.Б. үйүнөн «КО-44» үлгүсүндөгү сайсыз мылтык табылды. Бул куралдын ээси куралды сактоо мөөнөтүн өткөрүп жибергендиктен, жеринде протокол түзүлүп, 200 сом өлчөмүндө айып салынган. Бул жаран куралды өткөн жылдын 5-декабрына чейин гана сактаганга укуктуу болгон.

Ушундай администартивдик тартип бузуулардын бири Жети-Өгүздүн Барскоон айылында катталган. 30 жаштагы У.М. өткөн жылдын 1-февралында куралды сактоо мөөнөтү өтүп кеткендиктен аны узарткан эмес. Бул жаранга да жеринде протокол түзүлүп, 200 сом айып салынган.(AsM)

XS
SM
MD
LG