Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:32

Мыйзамсыз балык уулоонун зыяны 75 миң сомго жетти


Ысык-Көлдүн үч районунда эле акыркы үч айда мыйзамсыз балык уулоодон мамлекетке 74740 сом зыян келтирилген. Бул тууралуу oблустук мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясынын Ак-Суу,Түп, Жети-Өгүз райондору жана Каракол шаары боюнча 20-аймактык башкармалыгынын жетекчиси Касымбек Кадыралиев билдирди.

Өткөн жылдын октябрынан бери аталган аймактарда 22 ирет рейд өтүп, уруксатсыз балык уулаган 10 адам кармалган. Алардан уулоочу жабдуулар жана 11 кайык 45 балыгы менен тартылып алынган. (AsM)

XS
SM
MD
LG