Белгиянын баш калаасы Брюсселде дүйшөмбүдө да коопсуздук чаралары жогорку деңгээлде күчөтүлгөн бойдон сакталат.
Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Шарль Мишель жекшемби күнү кечинде билдирди. 23-ноябрда бардык окуу жайлар жабык болот, метро иштебейт. Бийлик тургундарды эл арбын чогулуучу жерлерден мүмкүн болушунча оолак болууга чакырды. Белгиянын ички иштер министри Ян Жамбондун айтымында, террорчулукка шектелип, ушул тапта изделип жаткан адамдар жакынкы аралыкта өлкөдө калаба уюштурушу ыктымал деген коркунучтар бар.
Атайын кызматтар Париждеги теракты жасоого шектүүлөрдүн бири деп изделип жаткан Салах Абдесалам Сирияга чыгып кетиши мүмкүн деген шектен улам Белгиянын чек араларын күчөтүлгөн көзөмөлгө алышты.
Буга чейин Белгияда Париждеги терактарга катыштыгы бар деп шектелген үч адам камакка алынган.
13-ноябрда Парижде болгон жардыруудан 130 киши набыт кеткен. Андагы жардырууларды уюштурганын “Ислам мамлекети” террордук тобу мойнуна алган.