Би-Би-Синин британ армиясынын жогорку өкүлүнө таянып маалымдаганына караганда, "Жихади Жон" деген ат менен белгилүү британиялык согушкер Мохамед Эмвази АКШнын пилотсуз учагы Сириянын Ракка шаарына урган соккудан набыт болду деген ыктымалдык жогору.
Бирок британ премьер-министри Девид Кэмерон анын өлүү же тирүү экени азырынча белгисиз деп билдирди:
- Өткөн түнү Кошмо Штаттарынын аба аскерлери Раккада "Жихади Жон" деген ат менен белгилүү “Ислам мамлекетинин” баш кесери Мохамед Эмвазини бутага алган. Соккудан майнап чыгып же чыкпаганын так айта албайбыз. Бирок Эмвазини таап, бейкүнөө адамдарды өлтүрүүнү токтотуу үчүн бар аракетибизди жумшарыбызды буга чейин да айтып келгем.
“Ислам мамлекети” радикал тобу жарыялаган видеолордо анын барымтадагы Батыш жарандарын мууздап жатканын көрсө болот.
Америкалык айрым маалымат каражаттары АКШнын расмий өкүлүнө шилтеме жасап, сокку таамай урулганын, согушкердин денесинен “эч нерсе калбаганын” жазышты. 12-ноябрда Пентагон дрон жихадчыны ташып бараткан делген машинага сокку урганын ырастаган.
Мурда Лондондо программист болуп иштеген Эмвази Кувейтте ирактыктардын үй-бүлөсүндө туулган. Ата-энеси 1993-жылы Британияга көчүп кеткен.