Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган эгер Орусия дагы бир жолу өлкөнүн аба мейкиндигин бузса Түркия жөн жатпай тургандыгын билдирди. Эгер касташсак Москва көптү жоготот, деп кошумчалады ал.
НАТО баш катчысы Йенс Столтенберг Орусия Түркиянын аба мейкиндигин кокустан бузбаганын билдирди. Ал орус бийлигинен түрк чек арасын урматтоону талап кылды.
Орусия жекшембиде өзүнүн согуштук учактары менен Түркиянын аба мейкиндигин экинчи ирет бузган. Түрк өкмөтү мындан улам Орусияга нааразылык нотасын жиберген.
Расмий Кремль АКШ баштаган коалициянын чек арадан кирип баруу боюнча айыптоосун четке кагып келет.