АКШ президенти Барак Обама бүгүн Ак үйдө Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзинпинди тосуп алды.
Обама жетекчилер кибер тыңчылык жана адам укуктары өңдүү маселелердеги айырмачылыктарды ачык-айкын сөз кылышарын белгиледи. Вашингтонго алгачкы мамлекеттик визит менен барган Си Цзинпинге бардык сый-урмат көргөзүлүп, салттуу түрдө 21 замберектен салют атылды.
Дүйнөнүн эң ири экономикалык державаларынын лидерлери салтанаттан кийин көзмө-көз сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Обама кытай президентинин визити эки өлкөнүн “достугу жана кызматташтыгынын” тарыхын чагылдырарын айтты.