Вена полициясы токтоткон анча чоң эмес жүк ташыгыч унаадан ооганстандык 24 качкын табылды. Анын айдоочусу качып кетмекчи болгондо полиция кармап калган. Австрия маалымат агенттиктеринин жазышынча, качкындардын өмүрүнө кооптуулук болбогону менен чүмбөттөлгөн унаада аба жетпей тумчугуп калуу коркунучу турган. Полиция бул унаа Австрияга Венгриядан өткөн деп эсептейт.
Өткөн бейшембиде да Вена - Будапешт жолунун боюнда токтоп турган унаадан 71 мигранттын сөөгү табылган. Аба жетпей тумчугуп өлгөн бул мигранттардын биринен Сириянын паспорту табылган. 28-августта Европа лидерлеринин Венадагы саммитинде баш калка издеген бул качкындар адам аткезчилигинин курмандыгы болгону айтылган.
Европада соңку айларда Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкадагы тынч эмес өлкөлөрдөн баш паана издеп чыккан качкындар маселеси кескин курчуп кетти. Евробиримдиктин чыгыш чек арасында турган Венгрияга өткөн айда эле 50 миңдей качкын кирген. Бул өлкөнү транзит катары пайдаланган качкындар андан ары Батыш Европа мамлекеттерине жол тартат.