Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:11

Австрияда жүк унаасынан оор абалдагы үч мигрант бала табылды


Австриянын батышында качкындар менен бараткан жүк машинесинен оор абалдагы үч бала табылып, ооруканага жеткирилди. Алар көптөн бери суу ичпегендиктен ден соолугу начарлаган.

АРА агенттиги кабарлагандай, ишемби күнү Германиянын чек арасына жакын Браунау-ам-Инн районунда полиция жүк унаасын токтоткон. Айдоочунун каршылыгына карабай, машине текшерилген учурда бортто 26 легалсыз мигранттар баратканы аныкталган. Такталган маалыматтар боюнча, алар Ооганстандын, Бангладештин жана Сириянын тургундары. Иликтөө учурунда мигранттар мыйзамсыз жол менен Германияга кетип жатканын билдиришкен. Айдоочу Румыниянын жараны. Ал камакка алынды.

27-августта да Венгриядан Австрияга кирген жүк унаасынан 71 мигранттын сөөгү табылган эле. Алардын көбү сириялыктар экени, унаа ичинде аба жетпей думугуп өлгөнү айтылган. Бул окуяга байланыштуу ишемби күнү Болгариянын үч, Ооганстандын бир жараны Венгрияда кармалып, кийинчерээк үй камагына чыгарылды.

Расмий маалыматтар боюнча, быйыл жыл башынан бери Евробиримдик чек араларынан 340 миңдей легалсыз мигранттар өткөн. Дагы миллиондогон качкындар Ливан, Түркия жана Иорданиядан баш калка табуу аракетинде. (SE)

XS
SM
MD
LG