Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:22

Милиция оозун тиккен жарандын айткандарын куру доомат деп атады


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы №1 тергөө абагында эки күндөн бери оозун тигип отурган Рахимжан Бурадиновдун айткандары негизсиз экенин билдирди.

Бишкектеги №1 Тергөө абагында кылмышка шектүү катары камакта отурган Рахимжан Бурадинов Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине нааразылыгын билдирип, 22-августта оозун тигип алган. Ал тергөө учурунда кыйноого кабылганын, милиция кызматкерлери ал жасабаган кылмыш иштерин да моюнуна алдырууга мажбурлаганын айткан. Бул тууралуу мамлекеттик жаза аткаруу кызматына бүгүн түшүнүк кат жазып, абактагы кызматкерлерге дооматы жок экенин, милиционерлердин жоругуна нааразылыгын белгилеген.

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, Бурадинов уурулук жасаганы төрт ирет соттолгон. (SE)

XS
SM
MD
LG