Алар түшкөн унаа өлкөнүн түштүк-чыгышында жол боюндагы минага кабылып, жарылганда каза табышты.
Негизинен күрттөр жашаган Хаккари провинциясындагы Семдинли шаарчасындагы бүгүнкү жарылуудан эки аскер өлгөндөн тышкары дагы үч жоокер жаракат алган.
Бул -күрт согушкерлери менен элдешүү келишими бузулгандан бери азырынча акыркы кол салуу.
Түркия өкмөтү июль айынын соңунан бери Күрт жумушчу партиясы – ПККнын турумдарына 400дөн ашуун жолу аба соккуларын жасады.
Өкмөт муну полиция менен жоокерлерге жасалган кол салууларга жооп чара катары сыпаттоодо. (UE)