Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда 12 көзөмөл-өткөрүү пункту бар, алардын төртөө 2010-жылдагы окуяларга байланыштуу жабылгандан бери ачыла элек. Бул тууралуу бүгүн Чек ара кызматынан кабарлашты.
Мекеменин маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын айтымында, ошентип, "Ак-Жол" бекети менен катар бүгүн дагы жети бекетте бажы көзөмөлү алынып салынды. Алар: Чүйдөгү "Ак-Тилек", "Чалдыбар", "Токмок", "Кең-Булуң", Таластагы "Чоң-Капка", Ысык-Көл облусундагы "Каркыра" унаа жана Чүйдөгү "Кайыңды" темир жол бекети. "Каркыра" май-октябрь айларында гана иштейт.
Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия кирген Евразия экономикалык биримдигине Кыргызстан да толук укуктуу мүчө болуусуна байланыштуу бүгүн кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлү алынып салынды. (RK)