Ишкер Райкан Алкановду бир нече ирет бычактады деп айыпталган А.Г. 14 жылга күчөтүлгөн режимде эркинен ажыратылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” кыздын жактоочусу Марина Эдигеева билдирди.
Ал эми кылмышка шериктеш болду деп айыпталган эки аял 3 жылга шарттуу кесилишти.
Жактоочу Эдигеева ушул жылдын 10-августунда аппеляциялык арыз менен жогорку сот инстанцияларына кайрыларын билдирди.
2014-жылдын 26-октябрында Р. Алкановду Таластагы үйүндө бычактап кетишкен.
Кол салды деген шек менен кармалган кыздын энеси кызы Алкановдун үйүндө зордукталганы тууралуу арыз жазган. Ички иштер кызматкерлери иликтөөнүн жүрүшүндө ал факт тастыкталбаганын ырасташкан.
Р. Алканов кылмышка шектүү деп кармалгандар андан акча талап кылып бычактаганын айтып көрсөтмө берген жана 150 миң сомун алып кетишкенин билдирген. (МТо)