Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:47

ФИФАнын экс-вице-президенти күнөөсүн мойнуна алган жок


ФИФАнын мурдагы вице-президенти Жеффри Уэбб
ФИФАнын мурдагы вице-президенти Жеффри Уэбб

ФИФАдагы ири коррупциялык иштер каралып жаткан Нью-Йорк сотунда Дүйнөлүк футбол федерациясы – ФИФАнын мурдагы вице-президенти Жеффри Уэбб өзүнө коюлган айыпты мойнуна алган жок.

Ал 10 миллион доллар кепилдик менен камактан бошотулган эле. Британиянын 50 жаштагы жараны Жеффри Уэббинин паспорту атайын кызматтарга өткөрүлүп берилип, сыртка чыгууга тыюу салынган.

Уэбб футбол дүйнөсүн дүң кылган окуядагы ФИФАнын экс чиновниктеринен ичинен сот алдына келген алгачкы адам. Экс-вице-президент 15-июлда Швейцариядан Нью-Йоркко жеткирилген.

Жалпы иш боюнча 14 адам суралууда. Аларга акча өндүрүү, шылуунчулук, алдамчылык, 24 жылдын ичинде 150 миллион доллар пара алган деген айыптар тагылууда.

XS
SM
MD
LG