Ала-Бука районунун Баймак айылынын тургундары алар пайдаланып келген 320 гектар жайыт жерди Өзбекстан тарап таш тизип алып койгонуна нааразычылык билдиришүүдө. Аталган айылдын башчысы Абдрахман Баймырзаев өткөн жылдын күз айларында айылдыктар мал жайып жүргөн жерге Өзбекстандын чек арачылары таш тизип, азыр эч кимди өткөрбөй жатканын "Азаттыкка" айтты.
"Жакында эле ошол жерде жайылган 500 койду алып кирип кетишип, араң кайтарып алдык. Мамлекет чек араны тактап, белги коюп берсе жакшы болмок", дейт Баймырзаев.
Ала-Бука району Өзбекстандын Наманган облусу менен 201 чакырым чектешет жана 12 участок талаштуу болуп турат. Учурда райондогу 41 айылдын 19у чек ара аймактарында жайгашкан. (RsK)