Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:24

Нарында карышкыр келтирген чыгым эсептелди


Жыл башынан бери Нарын облусунда карышкыр жалпысынан 57 баш малды жеп, жергиликтүү элге 1 млн 695 миң сомдук чыгым алып келди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Ошондой эле аталган мекеме облуста мал уурдоо фактысы өткөн жылга салыштырмалуу өскөнүн билдирет. Жалпысынан 3 ай ичинде 52 мал уурдалып, жабыркагандарды 559 миң сом чыгымга учураткан. Уурдалган 32 баш мал ээлерине кайтарылган. (MiK)

XS
SM
MD
LG