Саламаттыкты сактоо министрлиги бир катар бейөкмөт уюмдар менен бирге Баткен жана Ош облустарындагы кичинекей майыптардын ден соолугун текшеришет. Медициналык кароону Бишкектеги Эне-баланы коргоо борборунун төрт дарыгери жана Ош облустук балдар ооруканасынын эки врачы жүргүзөт. Алардын ичинде педиатр, хирург, ортопед, невропатолог жана башка адистер бар.
Маалыматка караганда жалпысы болуп аймактардагы 300 чамалуу майып баланын ден соолугу текшерилет.(ZKo)