Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:07

Дебальцеводон карапайым эл көчүрүлүүдө


Украина -- Дебальцеводон чыгып жактандар.
Украина -- Дебальцеводон чыгып жактандар.

Украин өкмөтүнүн өкүлдөрү жана орусиячыл жикчилер Дебальцево шаарчасынан гуманитардык коридор ачуу тууралуу макулдашты. Украин ички иштер министрлигинин өкүлү ок атышууну убактылуу токтотуу жайкын тургундарга эвакуацияланууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн киргизилүүдө деди. Макулдашуу жума күнү жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат беште аяктайт.

Дебальцеводо январдын аягынан бери салгылашуулар уланып келатат. Аткылоолорго туш болгон шаарда бир нече жумадан бери электр жарыгы, суу, жылуулук жок.

Жергиликтүү тургундар өкмөттүк күчтөрдүн колундагы Артемовскко же Донецкке көчүүнү өздөрү тандашууда.

Эмнести Интернешнл эл аралык уюму Дебальцеводогу кырдаалды өтө оор деп мүнөздөп, жайкын тургундардын азап чегүүсү үчүн жоопкерчиликти эки тарапка тең жүктөдү.

XS
SM
MD
LG