Бишкекте 31-декабрдан 1-январга караган түнү тез жардам кызматы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык тез жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, шаар тургундарынын кайрылууларын тейлөө үчүн 33 бригада жана 33 унаа иштейт.