Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты. Маалыматка ылайык, аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери толугу менен бүттү. Урмат Аманбаева жактоочусунун катышуусунда кылмыш ишинин материалдары менен таанышып чыккан. Ага тергөө иштеринин жыйынтыгында коррупциялык схеманы уюштурган деген айып тагылган. Учурда башка айыпталуучулар кылмыш иши менен таанышып жатышат. Бул жараян бүтөрү менен иш сотко өткөрүлөт.
Башкы прокуратура Урмат Аманбаеваны Оштогу кургак учукка каршы күрөшүү борборунда бухгалтер болуп турганда оорукана жетекчилиги менен коррупциялык схемаларды түзгөн, мунун айынан өлкө казынасына ири өлчөмдө зыян келген деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Аманбаева козголгон кылмыш ишинен улам саламаттыгы начарлап, учурда ооруканада дарыланууда. (UEz)