Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгы Түркияда өткөн кылмыш төбөлдөрүнүн жыйыны тууралуу маалыматты иликтеп жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты. Буга чейин айрым маалымат каражаттары өткөн аптада Түркиядагы шаарлардын биринде кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөнүн жазышкан. Анда "Сакал" деген каймана ат менен белгилүү, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Улан Токтосунов аттуу адамга “мыйзамдагы уруу” деген макам берилгени кабарланган.
ИИМдин маалыматы боюнча, аталган органга мындай маалымат келип түштү. Учурда ал иликтенип жатат.
2010-жылдан кийин кыргыз бийликтери уюшкан кылмыштуулукка күрөш жарыялаган. Бирок кийинки учурда бул күрөштүн мизи кайтып, кылмыш дүйнөсү кайра баш көтөргөнү айтылып келет.(BkA)