Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

Ашууда калган 7 чабан куткарыла элек


Жалал-Абаддын Сузак районундагы Беш-Мойнок жана Түрк-Абад айылдарынын 7 чабаны 2000 баш кою менен Нарындын Ак-Талаа районунун Көк-Суу жайлоосунда калың жааган карга камалып калышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абышарип Бекилов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында ашуудан өтүү мүмкүн болбогондуктан чабандардын дайыны белгисиз бойдон калууда.

Учурда Коргоо министрлигине караштуу МИ-8 тик учагы малчыларды куткарууга даяр, бирок аба ырайынын катаалдыгынан улам уча албай Бишкекте кармалып турат.

Дайынсыз калган чабандарды издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн бүгүн эртең менен Жалал-Абад шаарындагы куткаруу кызматы автоунаалар менен жөнөп кеткен. Ашууда калган чабандардын жакындары жардам сурап кечээ кечинде кайрылышкан.(UEz)

XS
SM
MD
LG