Тышкы иштер министрлиги Камчыбек Ташиевдин Алматыга башкы консул болгону тууралуу маалыматты төгүндөдү. Мекеменин басма сөз катчысы Турдакун Сыдыков айрым маалымат булактарында тараган кабар туура эместигин “Азаттыкка” айтты:
- Бул билдирүү чындыкка дал келбейт, бизге эч кандай расмий маалымдама келе элек.
9-сентябрда айрым интернет булактарда жана социалдык тармактарда Ташиевдин башкы консул болуп дайындалганы тууралуу кабар тараган болчу. (SE)