Мексиканын борбор калаасында жайгашкан Pemex мамлекеттик мунай компаниясына таандык кеңседеги жарылуу 14 адамдын өмүрүн алды. Компаниянын маалыматы боюнча, кеминде 80 адам жаракат алды. Жарылуу 52 кабаттан турган баш кеңсенин жанындагы имаратта орун алып, анын жер төлөөсүнө 30 адам камалып калганы кабарланууда. Баш кеңседе иштеген миңдеген жумушчулар коопсуз жайга жеткирилди. Бул окуядан кийин шаардагы жүздөгөн тургун көчөгө чыкты. Асманда калың түтүн катмары пайда болду. Жарылууга эмне себеп болгону айтыла элек. (KKs)