Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:00

Мали: Француз аскерлери Тимбукту шаарына киришти


Француз аскерлери шейшемби түнү Малинин түндүгүндөгү Тимбукту шаарына киришкенинин аскер кол башчылыгы билдирди. Шаардагы аскер өкүлү Тьерри Буракхард дүйшөмбүдө исламчыл согушкерлер менен салгылаш болбогонун, бирок өкмөттүк жана француз күчтөрү шаарды көзөмөлгө ала электигин айткан эле.

Ал арада Франциянын президенти Франсуа Олланд болсо биргелешкен күчтөр бул кармашта жеңишке жетишээрин шардана кылды. Француз аскерлеринин шаарга киргени тууралуу маалыматты Тимбукту шаарынын акиминин исламчыл козголоңчулар чегинип баратканда байыркы кол жазмалар сакталган жайды өрттөгөнү тууралуу маалыматтан көп өтпөй таратылды. Ушул дем алыш күндөрү француз жана мали биргелешкен күчтөрү козголоңчуларга каршы операцияларды баштаган.

Ишембиде стратегиялык маанидеги Гао шаары борбордук бийликтин көзөмөлүнө өткөн.
Француздардын аскерий контингенти Малинин өткөөл өкмөтүнүн өтүнүчү менен 2 апта мурда киргизилген.

XS
SM
MD
LG