Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:13

Пакистан: "пайгамбарга акарат келтирген" киши өлүм жазасына буйрулду


Пакистанда сот шаршембиде Мухаммед пайгамбарга сөз тийгизди деп айыпталган 25 жаштагы Хазрат Али Шахты эң жогорку жазага өкүм кылды. Өлкөнүн түндүк-батышындагы алыскы Читрал аймагында жергиликтүү тартип коргоочу Амир Хандын билдиришинче, Али Шах былтыр былтыр март айында камакка алынган. 2010-жылы Пакистанда Азия Биби деген христиан аял ушул эле кине менен өлүм жазасына кесилип, бирок жазасы ишке аша элек.

1980-жылдары кабыл алынган мыйзам боюнча буга чейин эч ким өлүм жазасына тартыла элек, себеби айыпталуучулар адатта апелляциялык сотто жеңип алышат. Бул мыйзам ар кимдердин жеке кызыкчылыктарында же азчылыктарды куугунтуктоо максатында колдонулат деп сындалып келет.

XS
SM
MD
LG