Бул тууралуу каржы министри Ольга Лаврова кечээ парламенттин жыйынында билдирди. Ал насыя акча максаттуу пайдаланылат деп бекемдеди.
Кечээ Жогорку Кеңеш Түркиядан алынуучу 100 млн. доллар насыя тууралуу эки тараптын келишимин ратификациялады.
Жыл башында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Түркияга иш сапары менен барган учурда бул өлкөдөн 100 млн. доллар насыя иретинде, 6 млн. долларды грант катары алуу маселесин сүйлөшүп келген.
Түрк насыясынын 100 миллион доллары 20 жылга 0,1 пайыз менен берилүүдө. Аны Кыргызстан жети жылдан соң кайтара баштайт. (ZKo)