Кабарчыбыз Жанар Акаевдин маалымдашынча, парламенттеги Социал-демократтар фракциясы парламенттеги комитеттердин санын 16дан 11ге азайтууну сунуштап жатат. Аталган фракциядан депутат Эгемберди Эрматов болсо 9 эле комитет калышы керектигин айтууда. КСДП комитеттер азайса бюджет кыйла үнөмдөлөрүн, чаржайыттык азайып, парламент чакан, мобилдүү иштегенге өтөөрүн жүйөө кылышууда. КСДП өкмөттүн курамын да азайтууну колдоп жатат. (EBM)