Европа Биримдиги Иранга жана Сирияга каршы жаңы санкция кабыл алды. Иранга каршы санкция өлкөнүн өзөктүк программасына байланыштуу киргизилди. Ага жараша ирандык 180ден ашуун адамдын жана бир катар компаниялардын Евробиримдиктин банктарындагы акчасы убактылуу камакка алынат. Бул жарандардын уюмга мүчө 28 өлкөгө каттоосуна тыйуу салынат. Бирок Биримдиктин тышкы иштер министрлери Ирандан мунайына эмбарго жарыялоо боюнча мунасага жетишпеди.
Сирияга каршы санкция президент Ассаддын өкмөтү элдик чыгууларга каршы айоосуз курал колдонуп жаткандан улам киргизилди. Эми сириялык 12 ырасмий адамдын жана 11 компаниянын Биримдиктин банктарындагы эсеби тоңдурулуп, аларга виза берилбейт. БУУнун эсебинче, мартта Асаддын бийлигине каршы элдик козголоң башталгандан берки кагылыштарда 3,5 миңден ашуун адам набыт болду.