Түркиянын аскер күчтөрү август айында Ирактын түндүгүндө 160тай күрт козголоңчуну жок кылганы ырасмий маалымдады. Түрк армиясынын башкы штабынын 29-августта билдиришинче, авиа жана артиллериялык чабуулдарда тыйуу салынган Күрт жумушчу партиясынын 100дөн ашуун согушчаны жарадар болгон. Бул маалыматты көзкарандысыз булактар тастыкташа элек. Бул Ирактын түндүгүндөгү күрт согушчандарына таандык база деп шектелген жайларга акыркы бир жылдан көбүрөөк убакта урулган биринчи сокку болду. Операция Күрт жумушчу партиясынын согушчандары июлда 40тан ашык күрт аскерин катардан чыгарган соң өткөрүлдү.
Түрк армиясынын рейди ырасмий Анкара менен Ирактын түндүгүндөгү күрт бийликтеринин мамилесин бир кыйла татаалдантты. Күрт жетекчилиги өткөн жумада авиачабуулда жети жаран набыт болгонун билдирген.
Түрк армиясынын рейди ырасмий Анкара менен Ирактын түндүгүндөгү күрт бийликтеринин мамилесин бир кыйла татаалдантты. Күрт жетекчилиги өткөн жумада авиачабуулда жети жаран набыт болгонун билдирген.