Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:43

Британ борборунда тополоң жана талап-тоноо уланууда


Лондондун түштүгүндөгү Брикстон районунда өткөн түнү бир дүкөн өрттөлсө, дагы бир нечеси таланып-тонолгон. Мындай көрүнүштөр британ борборунда экинчи түн катары менен орун алды. Полиция кылмыштардын жаңы толкунун айыптады. Шаардык полициянын маалыматына караганда, Лондондун чыгышында камоолорду жүргүзүүгө аракеттенген үч полиция кызматкерин унаа сүзүп кеткен. Буга чейин британ борборунун түндүгүндөгү Тоттенхэм районунда ишембинин түнүндөгү тополоңдон 26 полиция кызматкери жаракат алган эле.

Бул окуя акыркы бир нече жылдагы эң ири башалмандык болду. Көчөгө чыккандар Марк Дагган ысымдуу жергиликтүү тургундун ок жеп каза табышына нааразылык билдиришкен. Полициянын маалыматына караганда, ал бейшемби күнү полиция кызматкерлери менен атышуу учурунда каза тапкан.

Лондондун Тотенэхем районунда түрдүү улуттардын өкүлдөрү жашагандыктан этникалык негиздеги тирешүүлөр болуп турат. Шаардык полиция бул жердеги тополоң боюнча “ири иликтөө” баштаганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG